Nutella® "Биздин сапат" стандартына дал келтирүү боюнча тастыктоо программасы

Nutella spread

SGS экспертизасы

SGS – көз карандысыз экспертизалоо, текшерүү, сыноо жана сертификациялоо кызматын көрсөтүүчү швейцариянын компаниясы. Компания 1878-жылы негизделген жана башкы кеңсеси Швейцарияда жайгашкан. Аталган компания бүгүнкү күндө өзүнүн тармагы боюнча дүйнөдөгү лидер болуп саналып, көп жылдык тажрыйбасы бар жана экспертиза жүргүзгөн эл аралык сыноо лаборатория түйүндөрүнө ээ.

"Биздин сапат" стандартына дал келтирүү тастыктоо программасы

SGS компаниясы Ferrero компаниясы үчүн Nutella® пастасынын жана анын курамына стандарттык сапатка жооп берүүсүнө коюлган талаптарга жана стандарттык сапатка көз карандысыз текшерүү жүргүзүп келет.

Сапат стандарттары SGS компаниясы тарабынан NUTELLA® аныктаган критерийлерге ылайык өз ыктыярдуу сертификациялоо программасынын алкагында тастыкталат. Сертификациялоо программасы аудиттерди, лабораториялык текшерүүлөрдү жана рыноктун мониторингин айкалыштырат.

Стандартты тастыктоо программасы 4 бөлүктөн турат:

  1. САПАТ СТАНДАРТТАРЫ

Сапат стандарттарын чагылдырган нормативдик документтеринин аныктамасын өзүнө камтыйт. Тастыктоо Программасы аткарган сапат стандарттарына атаандаш. Ушул документтердин негизинде SGS компаниясы аны ишке ашыруу учун Стандарттык Иштөө Тартибин иштеп чыккан.

  2. АУДИТ

SGS компаниясынын аудиторлору тарабынан FERRERO компаниясы Программада аныкталган сапат стандарттарына кепилдикти камсыз кылуу үчүн бардык керектүү иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын текшерүү тартиби. Аудит эки этаптан турат:

Борбордук кеңсенин көзөмөлү: пландаштырылган жыл сайын өткөрүлгөн NUTELLA® "Биздин сапат" стандартты тастыктоо Программасында аныкталган камсыздоочуларды тандоо жана көзөмөлдөө критерийлерин жана стандарттарга дал келүүсүн камсыздоосун текшерүү боюнча аудит.

Өндүрүш аянттарын көзөмөлдөө: NUTELLA ® жаӊгак пастасын өндүрүп жаткан бардык өндүрүш заводдорунда жыл сайын жарыяланган жана жарыяланбаган аудиттер. Бул текшерүүлөрдүн жүрүшүндө SGS компаниясы FERRERO компаниясынын стандарттары менен иштеп чыгаруунун ар бир этабына коюлган текшерүү планын тастыктайт. Текшерүү планы камсыздоо тартибинин баардык чынжырын өзүнө камтыйт - чийки ингредиенттерден баштап даяр продукцияга чейин.

  3. ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ТЕКШЕРҮҮ

Көз карандысыз лабораторияларда текшерүү аныкталган сапат стандарттарына дал келгендигин тастыктайт. Текшерүү NUTELLA® пастасын өндүрүп жаткан бардык заводдордон алынган ар бир ингредиентке жана даяр продукция үчүн жүргүзүлөт.

  4. РЫНОК МОНИТОРИНГИ

Лабораториялык сыноо жана этикеткадагы маалыматтарды текшерүү максатында сатыкка коюлган NUTELLA® продукцияларынан үзгүлтүксүз тандалып алынып турулат.

Сапат стандарттарына дал келүүсүн текшерүү

NUTELLA® пастасынын жана анын ингредиенттеринин сапатын тастыктоо үчүн SGS өзгөчө сапаттык мүнөздөмөлөрдү текшерет.

 

×

NUTELLA® - FERRERO компаниясынын катталган соода маркасы.